Жогорку Кеңеш депутаттары 28-январдагы жалпы жыйында өлкөгө оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзамды жактырды. Эгер ага президент кол койсо, күчүнө кирет.
Мыйзам долбоору Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталган. Буга жол кырсыктарынын көбү оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатканын жүйө катары көрсөтүлгөн. (SE)