Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Пакистанда 76 согушкер жок кылынды


Пакистан бийликтери абадан урулган соккулардын натыйжасында Ооганстан менен чек аралаш аймактарда 76 согушкер жок кылынганын кабарлоодо. Өкмөттүк аскерлер 27-январда согушкерлердин Түндүк Вазиристан жана Датта Кел аймактарындагы позицияларына абадан сокку урушту. Онго жакын согушкер алардын курал сактаган базасына жапырык жасалган учурда набыт кетти.

Пакистан бийликтери Түндүк Вазиристандагы талибдерге каршы операцияны өткөн жылдын жайында баштаган. Андан бери 1800гө жакын согушкердин өлтүрүлгөнү кабарланды. Бийликтер өткөн жыл соңунда Пешавардагы мектепке кол салынган соң аскердик операцияны күчөттү.

XS
SM
MD
LG