Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Ооган парламенти 17 министрди бекиткен жок


Президент Ашраф Гани жана бийликтин башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла

Президент Ашраф Гани жана бийликтин башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла

Ооган парламенти президент Ашраф Гани өкмөт мүчөлүгүнө көрсөткөн 25 талапкердин сегизин гана жактырды.

Парламенттин Төмөнкү палатасы калган 17 талапкердин айрымдарын башка өлкөлөрдүн жарандыгы болгону үчүн жана кесиптик тажрыйбасы жетишсиз деген жүйө менен бекиткен жок.

Сентябрда кызматка киришкен президент Гани көрсөткөн ички иштер, тышкы иштер, каржы, саламаттыкты сактоо министрлери жана чалгын кызматынын жетекчиси бекитилди.

Ал эми коргоо, экономика, юстиция министрлери жана Борбордук банктын жетекчисине талапкерлер четке кагылды. Эми бул кызматка жаңы талапкерлер март айында каралат. 28-январда ооган депутаттары каникул алдындагы соңку жыйынга чогулду.

Өкмөттүн 12 мүчөсүн бийликтин башкы аткаруучу Абдулла Абдулла көрсөтүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG