Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

ПАСЕ Орусия делегациясын негизги укуктардан ажыратты


Еврокеңештин парламенттик ассамблеясы Орусия делегациясын уюмдун чечим кабыл алуучу жыйындарында добуш берүү жана мониторинг жүргүзүү ишмердүүлүгүнө катышуу укуктарын чектеди. 28-январь күнү кабыл алынган бул чечим быйыл апрелге чейин күчүндө болот.

Ассамблеянын өткөн жылдын апрелиндеги жыйынында да Крымдагы окуяларга байланыштуу Орусия бир катар укуктардан ажыратылган эле. Муну мазактоо катары кабыл алган орус делегациясы жыйындар залынан чыгып кеткен. Андан бери ассамблеянын чогулуштарына катышпай келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG