Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

“Кристаллдын” карызы бир конушту суусуз калтырды


Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма конушунда жашаган 190 үй-бүлө эки жумадан бери таза сууну атайын башка жактан сатып алып ичүүдө. Же болбосо эки километр алыстагы Нарын дарыясынан ташып келип жатышат. Шаардагы “Кристалл” заводунун карызына байланыштуу конушка суу жеткирген насос электрди бөлүштүрүүчү станция тарабынан жарым ай мурун кыркып салынган.

Конуштун башчысы Матисак Дооронкулов “Азаттыкка” билдиргендей, банкрот деп жарыяланган “Кристаллдын” аталган станцияга карызы 11 миллион сомдон ашкан. Завод бул сумманы төлөп бере албай турганы маалым болгондуктан, учурда жергиликтүү бийлик конуш үчүн жаңы насос орнотуу аракетин көрүүдө. Ага канча акча керектелери азырынча белгисиз.

“Кристаллда” иштегендер бул боюнча комментарий бере элек.

Суусуз калган 190 үй-бүлөдө эки миңдей тургун жашайт. Көпчүлүгү улгайган кишилер жана балдар. (SE)

XS
SM
MD
LG