Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясында добуш берүү укугунан убактылуу ажырады


БУУнун имараты, Нью-Йорк
БУУнун имараты, Нью-Йорк

Бул тууралуу маалымат Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жайгаштырылган. Анда Кыргызстан, Гренада, Маршалов аралдары, Македония, Тонга, Вануату жана Йемен мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн БУУнун Башкы Ассамблеясында добуш берүү укугунан убактылуу ажыраганы айтылат. Добуш берүү укугун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстан 6 миң 731 доллар төлөшү керек.

Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги да тастыктады. Министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыковдун “Азаттыкка” айтымында, учурда көрсөтүлгөн каражатты которуу боюнча Каржы министрлиги иш алып барууда.

ТИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясына мүчөлүк төлөм катары жыл сайын 54 миң 271 доллар төлөп турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG