Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Жети-Өгүздө мектеп рекетчилиги боюнча иш козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка ылайык, 26-январь күнү райондук милицияга Ырдык айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 9-класста окуган небереси жогорку класстын окуучусуна 5 миң сом акча бергени жазылган. Ыкчам иликтөө иштери учурунда 10-класстын окуучусу арызданган баладан 1000 сом опузалап алып жаткан учурунда кармалган.

Учурда бул факты боюнча 170-берененин негизинде (опузалоо) кылмыш иши козголду. (МК)

XS
SM
MD
LG