Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Балдарга карата зомбулукту токтотууга багытталган форум болду


Балдарды коргоо лигасынын демилгеси менен бүгүн Бишкекте балдарга карата зомбулукту токтотуунун жолун талкуулаган форум өттү.

Иш-чарага бейөкмөт уюмдар, кайрымдуулук фонддору, жарандык активисттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар айрыкча азыркы учурда аймактарда арбып жаткан балдарга запкы көрсөтүүнү токтотууну тартип сакчылары менен социалдык кызматкерлер чогуу ишке ашырып, керек болсо ар бир үй-бүлөнү мониторингге алып, көзөмөлдөш керек деген тыянак чыгарышып, мындан ары балдар менен иш алып барган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү мониторинг топторду түзүштү.

Ошондой эле мындан ары бул багытта бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик органдар чогуу иш алып бара турган болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG