Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Израил БУУга өзүн коргой турганын маалымдады


Израилдин Ливан менен чек арада "Хезболланын" ракеталары тийген аскерий унаалары. 28-январь, 2015-жыл.

Израилдин Ливан менен чек арада "Хезболланын" ракеталары тийген аскерий унаалары. 28-январь, 2015-жыл.

Израил Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине өзүн коргой турганын “Хезболла” тобунун кол салуусунан эки аскери өлгөндөн соң кабарлады.

Өлкөнүн БУУдагы элчиси Рон Просор баш катчы Пан Ги Мунга жана Коопсуздук кеңешине жолдогон катта белгилегендей, “Хезболла" израилдиктерди бутага алып жатканда” алар жөн карап турбайт.

“Хезболланын” согушкерлери Ливан менен чек арада Израилдин аскерий кербенине кечээ аткан ракеталардан эки жөөт аскери мерт болуп, жетөө жаракат алган. Бул кол салууга чейин 18-январда Израил Сириянын түштүгүнө жасаган аба соккудан “Хезболланын” бир нече мүчөсү жана ирандык генерал мерт болгон эле.

“Израиль “Хезболланын” азыркы кол салуусуна аба соккулары жана артиллерия менен жооп берди. Бул атуулар учурунда БУУнун тынчтык орнотуу күчтөрүнүн курамындагы испан жоокери мерт болгон.

Испан тарап толук иликтөөнү талап кылып, алардын жоокери “Израил тараптан” атылган октон мерт болгонун билдирди. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG