Бул тууралуу “Азаттыкка” сегиз жаштагы кыздын мугалими Гүлмира Бектемирова билдирди. Учурда аны Бишкек шаарындагы же Чолпон-Атадагы реабилитациялык мектепке жиберүүгө керектүү документтер даярдалууда.
19-январда секелек кызды зордуктады деген шек менен 29 жаштагы жаран кармалган. Кийинчерээк ал кыздын атасынын бир тууган иниси экендиги аныкталган. Учурда кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат. (MiK)