Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

HRW кризистик кырдаалда адам укуктарын чектебөөгө чакырды


"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюмунун дүйнө өкмөттөрүнө багышталган мындай чакырыгы анын бүгүнкү жылдык баяндамасында айтылат. Документте белгиленгендей, коопсуздук проблемаларын чечүү үчүн адам укуктарын бузуу менен дүйнө өкмөттөрү “чоң ката” кетирүүдө.

“Хьюман Райтс Уотчтун” аткаруучу директору Кеннет Роттун айтымында, “адам укуктарынын бузулушу” глобалдык көйгөйгө айланган ислам экстремизми жаралышында, Украинадагы жаңжалдын тутанышында маанилүү роль ойноду.

“Хьюман Райтс Уотчтун” жетекчиси кошумчалагандай, адам укуктарын коргоо жана демократиялык жоопкерчиликти кепилдөө” мындай кризистерди жөнгө салууда чечүүчү мааниге ээ. (UE)

XS
SM
MD
LG