Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Аба ырайы


29-30-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км, Өтмөк ашуусу), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол - Эңилчек (45-90-км), Казарман - Акталчат (67-94-км, Кара-Гөө ашуусу) жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркасында мезгил-мезгили менен кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -15...-20, күндүз 0...-5;

Таласта түнкүсүн -15...-20, күндүз 0...-5;

Ош, Жалал-Абадда 7...-12, күндүз -4...+1;

Баткен облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5;

Нарында түнкүсүн -25...-30, күндүз -11...-16.

Бишкекте 30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -15…-17 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы -1…-3 градус суук болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG