Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 18:51

Ош шаарында 2014-жылы 369 киши эмдөөдөн баш тарткан


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциянын өкүлү Орозгүл Таирова билдирди. Иммунолог дарыгерлер эмделбеген балдар эмдөө алгандарга да коркунуч жаратарын эскертишүүдө.

Ысык-Көлдө болсо балдарын эмдетүүдөн баш тарткан 147 факт катталса, анын 140ы диний көз карашка байланыштуу экенин “Азаттыкка” облустук оорукананын бөлүм башчысы Төлөнбек Макеев айтты.

Буга чейин Республикалык Иммунопрофилактика борбору Кыргызстанда диний көз караштан улам баласын эмдетүүдөн баш тарткандар 6000ден ашарын билдирген. Дарыгерлер эмдөөдөн баш тарткандар соңку учурда көбөйүп жатканын билдиришүүдө. (КЕ/МК/YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG