Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Азербайжан: бийликке нааразы айдоочу өзүнө өрт койду


Полиция билдиргендей, шаардык автобустун 39 жаштагы айдоочусу Арзуман Хумбатов өзүнө өрт койгондон кийин ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер анын абалын стабилдүү деп аташты.

Күбөлөрдүн айтымында, Хумбатов денесине май чачып, өрт койгон кезде, буга Транспорт министрлигинин инспекторлорунун чектен чыккан иштерине нааразылык иретинде барып жатканын билдирген. Окуянын башка чоо-жайы белгисиз.

Бул азери борбору Бакуда ушул айда адамдар өзүн-өзү өрттөөгө барган экинчи, ал эми өткөн жылдын башынан берки алтынчы учур болду. (UE)

XS
SM
MD
LG