Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Украина боюнча байланыш топ эртең Минскиде чогулат


Бул тууралуу бүгүн Беларустун Тышкы иштер министрлиги жарыялады.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүгө Украина, Орусия жана ЕККУ уюмунун өкүлдөрү келмекчи. Ал эми орусиячыл жикчилдердин өкүлү катышар-катышпасы белгисиз.

“Байланыш тобу” деп аталган тараптардын жыйыны Украинанын чыгышында уруштарга байланыштуу эл аралык камтамачылык күчөгөн жана орусиячыл жикчилдер тынчтык сүйлөшүүлөрүнө барбастан, жаңы аймактарды ээлөөнү көздөшөрүн айткан учурда өтүүдө.

Украин президенти Петро Порошенко белгилегендей, Минскидеги сүйлөшүүлөр “ок атышуунун дароо токтошуна жана чектеш тилкеден оор куралдардын чыгарылуусуна алып барышы керек”.

Украинанын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Андрей Лысенконун айтымында, алар акыркы 24 саатта беш аскерин жоготту, 29у жаракат алды. 29-январда орусиячыл жикчилдер өкмөттүк күчтөрдүн турумун снаряд жана ракета менен жүздөн ашуун жолу аткылашкан.

Украин тараптын бул маалыматына тушташ козголоңчулар Дебальцево шаарчасы эки тараптан курчоого алынганын билдирүүдө.

Былтыр апрелде уруш башталгандан бери Украинанын чыгышында 5100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG