Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 06:51

Миллер “Газпромдун” инвестициялык долбоору менен тааныштырат


Алексей Миллер.

Алексей Миллер.

Орусиянын “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер баштаган топ бүгүн, 30-январда Бишкекте мекеменин Кыргызстанга инвестиция тартуу пландары менен тааныштырат. Андан соң “Газпром Кыргызстан” ишканасын өнүктүрүү маселеси эки тараптуу талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге ылайык, компания Кыргызстанга 5 жыл аралыгында 20 миллиард рубль инвестиция алып келиши керек. Бирок орус тарап бул мөөнөттү 3 жылдык кылып өзгөртүүнү сунуштап жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG