Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Кыйноолорду аныктоого күч органдарынын тоскоолдугу кедергисин тийгизүүдө


Кыйноолорду токтотууга үндөгөн жазуу. Филиппин, 2013-жыл.
Кыйноолорду токтотууга үндөгөн жазуу. Филиппин, 2013-жыл.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди. Анын айтымында, камактагы жаранга тергөө учурунда кыйноо колдонулган болсо, аны тактоо үчүн укук коргоочуларды ошол киши менен жолугушуусуна уруксат берилбеген учурлар борбордун жумушундагы негизги түйшүк болуп жатат:

-Мисалы, кай бир милиция бөлүгүнө барган учурубузда эч кандай көйгөйлүү суроолор жок болсо, кирип абал менен таанышууга мүмкүнчүлүк беришет. Эртеси эле бир жаран кармалып, ага кыйноо колдонулган болсо, бир күн мурда кирип чыккан мекемеге кайра кире албай убара тартабыз.

Ал эми күч органдары укук коргоочулардын абактагылар менен баарлашуусуна мыйзам негизинде гана уруксат берилерин, ашкере тоскоолдуктар болбой турганын айтат.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор 2014-жылдын март айында түзүлгөн. Бүгүн, 30-январда аталган уюм өткөн жылда аткарган иштери тууралуу маалымат жыйын өткөрөт.

Борбор иштей баштагандан бери кыйноо фактыларын азайтуу максатында Башкы прокуратурага 15, Ички иштер министрлигине 2, Жогорку Кеңешке 1 кайрылуу жолдоду. Анын ичинен 1 кайрылуу боюнча кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG