Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Медиа мекемелерди соттун чечимисиз жабуу сунушталууда


Кыргызстанда чыга турган коомдук-саясий гезиттер.
Кыргызстанда чыга турган коомдук-саясий гезиттер.

Юстиция министрлиги “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатат. Министрликтин өкүлү Эмир Зулпуев “Азаттыкка” билдиргендей, жаңы долбоорго ылайык, кай бир басылманын ээсинин ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө соттун чечими чыкса, же болбосо басылма ээси каза таап, ал негиздеген ишкананын жумушун улантып кетүүгө мыйзамдуу мураскор жок учурда соттун кошумча чечими жок эле медиа мекеме ишин токтотушу керек.

Андан сырткары, коомчулук тарабынан гезитке, телевидениеге же радиого нааразылык болсо, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги протокол түзүп, сотко өткөрүп берет. Ошондой эле ар бир басылма башкы редактору өзгөргөн учурда Юстиция министрлигине жаңы жетекчилик тууралуу дароо расмий билдирүү берүүгө милдеттендирилет.

Серепчилер эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелерин айтып, тынчсызданууда. (SE)

XS
SM
MD
LG