Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

NetIndex сайтынын жазганына караганда, Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингде 193 өлкөдөн 83 орунду ээледи. Учурда анын ылдамдыгы секундасына орто эсеп менен 11,75 мегабитти түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,12 мегабитке төмөн дегенди билдирет жана рейтингде Кыргызстан 12 позицияны жоготкон.

Бул багытта Орусия 35, Казакстан 58, Тажикстан 74-орунда турат. Ал эми Өзбекстанда Интернет ылдамдыгы секундасына 2,71 мегабит болуп, 174-орун экени жазылса, Түркмөнстан жалпы тизмеге да илинген эмес.

Интернет эң ылдам делген өлкөлөрдүн катарына Сингапур (104,21 мегатиб), Гонконг (96,36 мегабит) жана Жапония (70,81 мегабит) кирген.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG