Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Эл аралык Freedom House уюму "Дүйнөдөгү эркиндик" деп аталган кезектеги жылдык баяндамасын жарыялады. Уюмдун расмий сайтындагы маалыматка караганда, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөө, жарандардын тынч митингдерди өткөрүү укуктарынын бузулушу эске алынып, Кыргызстанда абал былтыркыдан начарлаганы белгиленет. Кыргызстандан сырткары “жарым-жарытлай эркин өлкө” тобуна постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Украина, Грузия, Молдова жана Армения кирген. “Эркин” өлкөлөрдүн катарында Монголия, Европанын көпчүлүк бөлүгү, Австралия, АКШ, Канада, Бразилия бар. Ал эми Тажикстан, Казакстан, Орусия, Азейрбайжан, жана Ооганстан, Иран, Ирак, Куба “эркин эмес” өлкөлөр деп эсептелди. Ошол эле кезде Өзбекстан, Түркмөнстан, Беларус эркиндик абдан начарлаган мамлекеттер деп саналды.

Freedom Housе уюмунун изилдөөсү 195 өлкөнү жана макамы жок 14 аймакты камтыйт. Өлкөнүн эркиндиги 7 баллдык көрсөткүч менен бааланат. “Эркин” өлкөлөргө 1 балл берилген. Кыргызстан бул көрсөткүчтө беш балл алган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG