Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Ветеринардык кызмат Бажы биримдигине даярдана баштады


Бажы биримдигинин талаптарына ылайык Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” чек ара өткөрүү жайларында ветеринардык, фитосанитардык көзөмөл бекетин жакшыртуу иштери башталды. Өлкөнүн башкы ветеринардык инспектору Ашырбай Жусупов Баткен облусунун чек ара көзөмөл өткөрүү жайларындагы абал менен таанышуу учурунда даярдыктар толугу менен май айына чейин аяктаарын билдирди. Чек ара өткөрүү жайларында ветеринардык көзөмөлдү жакшыртуу жана зарыл болгон жабдыктар менен камсыздоо үчүн 9,5 млн. АКШ доллары каралган. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG