Бул маалыматты “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева тастыктады.
Анын айтымында, 13-январь күнү Кыргызстандын жараны ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнө зордуктоо боюнча арызданган. Тергөө учурунда Москва шаарынын Түндүк-Чыгыш округу боюнча милиция бөлүмүнө кыргызстандык кыз-келиндер ушундай эле мазмунда кайрылганы белгилүү болгон. Ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында 34 жаштагы кыргыз улутундагы Орусиянын жараны кармалды.
Орусиянын маалымат каражаттары зордуктоого шектелген адамдын тузагына 18 жаштан 35 жашка чейинки ондон ашуун кыз-келиндер илингенин жана муну ал моюнуна алганын жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалган адам кыргыз тилдүү интернет сайттарга жумуш боюнча жарыяларды жазып, иш издеп кайрылган кыз-келиндерди тузакка алчу. Учурда тергөө, иликтөө иштери уланууда. (КЕ/LT)