Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Египеттин президенти мекенине шашылыш кайтууда


Синайдагы жардырууга байланыштуу Египеттин президенти Эфиопиядагы сапарын токтотуп, мекенине кайтат.

Синай жарым аралындагы "Ислам мамлекети" тобу уюштурганы айтылып жаткан жардыруудан аз дегенде 30 коопсуздук кызматкери набыт болду.

Президент Абдел Фаттах ал-Сисинин кеңсесинен билдиришкендей, Эфиопияда Африкалык Биримдик саммитинде жүргөн президент дароо Египетке кайтууда.

Түндүк Синайдагы кечээги жардыруу көп жылдардан берки эң бир кандуу кол салуу болуп калды. Курман болгондордун көпчүлүгү Эл-Ариш шаарындагы аскердик мейманкана менен аскер базасына жайгаштырылгандар болду.

XS
SM
MD
LG