Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Коомду оңдоо куурчак театрдан башталат


30-январда Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрында Бишкектеги көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн режиссёр Валентина Анникованын “Бакыт баары үчүн” аттуу спектакли коюлду.

Бала чычкан ээн жерде жалгыз отуруп, очокто күйүп жаткан от жана ага асылган казан менен сүйлөшүп жатат. Улам-улам казандын тезирээк кайнашын суранып коёт. Бакыт деген эмне экени тууралуу ой жүгүртөт.

“Бакыт - сүйлөшө турган адамыңдын бар экени тура” дейт зериккен чычкан. Аңгыча ага караңгы токойдон турна басып келди. Алгач чычкан андан коркуп кетип, бирок бир аздан соң тил табышып алды.

Сахнада болуп жаткан бул көрүнүштөр менин жанымда отурган жети жаштагы Бурханды да кызыктырып жаткан экен.

- Чычкандын болгону бир казаны гана бар экен. Ал жанына турна келгенде кубанды. Турнанын уясын балдар бузган экен. Анан турна төрөдү. Анын баласын чычкан жоготуп алды. Турнанын баласы өзү чычкандын тилин албай “бакыт издеп кетип калды”.

Уясынан айрылган турна жумурткасын көтөрө келген болчу. Жумурткадан чыккан балапан тентек экен. Ал апасы азык издеп кеткенде чычкандын тилин укпай, кимдир бирөөгө бакыт тартуулоону ойлоп, токойго кирип кетет. Апасынан алыс жүргөн балапан көптөгөн коркунучтарга туш болду.

Жыйынтыгында адашкан балапан да, бала чычкан да өз апасын тапты. Баары чогуу бактылуу болушту. Көрсө ата-эне баласынын, бала ата-энесинин жанында болсо гана бактылуу болот экен...

Аталган спектаклдин автору жана режиссеру Валентина Анникова бизге бул спектаклдеги негизги идеяны төрт сап ыр менен мындайча түшүндүрө кетти:

- Чатырда мейли, жашасын куштар,

Салышсын уя, тийбегин ага.

Бактылуу болсун жандыктын баары,

Бактылуу болсун ата-эне, бала.

Жер шары бизге керемет бешик,

Жырткычты дагы баспасын санаа...

Көп жылдан бери куурчак театрында иштеп, учурда эс алууга чыккан Валентина Анникова мындан сырткары жалпы эле тирүү жандыктарга, анын ичинен балдарга зордук-зомбулук таптакыр акылга сыйбаган көрүнүш экенин айтат.

Тарбияны бала бакчадан баштаган Жапония

Бул жолу негедир аталган театрга өз балдарын алып келген кыргыз ата-энелер аз экен. Адистер дайым эле кыргыз ата-энелер өз балдарын куурчак театрларына эмес, чоңдор үчүн коюлган концерттерге, той-топурларга ээрчитип аларын айтып сындап келишет.

Биз театрга келген ата-энелердин бири Париданы кепке тарттык:

- Сиз кызыңызды бул театрга дайыма алып келесизби?

- Жок, бүгүн эле биринчи жолу алып келдим.

- Сизге жактыбы? Кызыңыз кандай таасир алганын айттыбы?

- Жакшы эле го. Жакты...

"Ак шоола" бий ансамблинин тарбиялануучулары
"Ак шоола" бий ансамблинин тарбиялануучулары

Республиканын эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов балдары менен куурчак теарына көп келет экен. Ырчы өнүккөн өлкөлөрдө коомду оңдоону балдардан башташарын айтат.

- Жапонияда коомчулукту, мамлекетти тарбиялоону бала бакчалардан башташат экен. Аларда ошондуктан балдар бара турган маданий жайлар көп. Бизде тилекке каршы андай эмес. Куурчак театрынын балдарды тарбиялоодо орду чоң. Куурчак театры балдар үчүн жомоктой болуш керек.

Осмонкулов балдарды компьютердик оюнга эмес, ушундай театрларга тартуу керек экенин айтат. Анын айтымында, компьютер оюндарын көргөн балдардын аң-сезими бузулуп, зордук-зомбулукка үйрөнүшөт.

Бул спектакль көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына көрсөтүлдү. Театр жетекчилигинин айтымында, аталган иш- чара Бишкек шаарынын мэриясы жана Свердлов районунун акимияты тарабынан демилгеленген. Максаты балдардын аң-сезимине оң таасир тийгизе турган оюн-зоокторго тартуу.

Жаңы конуштардын биринде жашаган балдар
Жаңы конуштардын биринде жашаган балдар

Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максүтовдун айтымында, балдарды зордук-зомбулуктан сактоо боюнча министрлик тарабынан мындан башка да иш-аракеттер жүрүп жатат:

- Бул жагынан атайын роликтерди даярдап жатабыз. Момундай иш-чараларда балдардын психологиясын бузбаган спектаклдерди тандап алуудабыз. Мындан сырткары гезит-журналдарды пайдаланып жатабыз.

Министрдин айтымында, март, апрель айларында Кыргызстанда куурчак театрларынын дүйнөлүк кароо-сынагы өтүшү мүмкүн. Учурда балдардын жан дүйнөсүн байыта турган спектаклдерди тандоо жүрө баштады. “Куурчак театр алдыда балдар үйлөрүн кыдырып оюн коюп берет”, - деди министр.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG