Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Швейцарияда Кыргызстандагы көпүрөлөр үчүн каражат топтолот


Февраль-март айларында Швейцариянын үч шаарында (Vercorin, Laax und Sion) Кыргызстандын түштүгүндөгү бийик тоолуу аймактардын көпүрөлөрүн оңдоо үчүн каражат чогултуу максатын көздөгөн маданий төрт кече өткөрүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Памир көпүрөлөрү" уюму билдирди.

Уюмдун президенти Бернард Репонддун айтымында, кечелерге "Памир көпүрөлөрү" ассоциациясынын Кыргызстандагы шериги Ишен Оболбеков, Тажикстандын Мургаб районунан Сайдалы Гойбулдаев, бул райондун алыскы Аличор айылынан Шералы Жунусов катышат.

Аталган гуманитардык жардам уюму дээрлик чейрек кылым ичинде Кыргызстанда 50дөн ашык көпүрөнү ремонттон өткөрүүгө көмөктөштү. Уюмдун максаты - бийик тоолуу аймактардын тургундарынын турмушун жакшыртууга салым кошуу болуп саналат.

XS
SM
MD
LG