Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Пакистан: шиит мечитин жардыруу 49 кишинин өмүрүн алды


Пакистан бийликтери билдиргендей, бүгүн түштүктөгү Синд дубанында шииттердин мечитине кол салуудан аз дегенде 49 киши набыт болуп, 30дан ашыгы жараат алды.

Жардыруу Карачи шаарынан 500 чакырымдай түндүктөгү Шикарпур шаарынын жанында, жума намаз учурунда орун алды. Кол салууну сунни мусулмандарынын "Жундуллах" деп аталган согушкерлер тобу уюштурганын жарыялады. Пакистанда сунни экстремисттери шииттерди «мусулман эмес» деп жектеп, алардын мечиттерине көп кол салышат.

XS
SM
MD
LG