Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

Ыңкылаптардын жылдыктары белгиленет


Кечээ премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2005-жылдагы март ыңкылабынын он, 2010-жылдагы апрель ыңкылабынын беш жылдыгын белгилөө үчүн атайын түзүлгөн уюштуруу комитетинин алгачкы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйында өкмөт башчы аталган жылдыктарды өткөрүү планын так иштеп чыгууну тиешелүү мекемелерге тапшырды. Анын айтымында, ыңкылаптардын жылдыктары облустарда да жогорку деңгээлде белгилениши шарт.

2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылапта ошол кездеги президент Аскар Акаев, 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштө Курманбек Бакив бийликтен кулатылып, жүзгө жакын адамдын каны төгүлгөн. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG