Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Москва: китепканада өрт чыкты


Москвадагы Коомдук илимдер боюнча илимий маалыматтар институтунда кечээ түнү өрт чыкты. Тилсиз жоо китепкананын 2 миң метр чарчы аянтын керектен чыгарган. Имараттын чатырлары кулап, дубалдары кыйраган. Өрттү таңга маал гана өчүрүүгө мүмкүн болгон.

Аталган китепканада 14 миллионго жакын китеп бар болчу. Алардын көбү байыркы эмгектер. Учурда тиешелүү органдар өрттүн себебин аныктап жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG