Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Кыргызстанда эркектердин кризистик борборлору ачылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” cоциалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, учурда эркектердин кризистик борборлорун ачуу үчүн донорлордон каражат изделип жатат.

- Бүгүнкү күндө аялдарга жана балдарга зомбулук көрсөткөн жалаң эркектер болуп жатат. Алар психикалык жардамга муктаж. Барган сайын эркектер эч нерсе кылбай диванда жаткан кишиге айланууда. Ошон үчүн кризистик борборлорду ачуу учур талабы, - деди министр.

Базарбаев кошумчалагандай кризистик борборлор пилоттук долбоор катары Аламүдүн, Тоң райондорунда жана Каракол шаарында ачылган. Каражат табылып калса, эркектердин кризистик борборлору ар бир райондо ачылат. (UEz)

XS
SM
MD
LG