Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Түп: мал догдурдун мектеп директору болгонун атайын комиссия иликтөөдө


Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы мал догдур кандайча мектеп директору болуп иштеп жатканын учурда облустук комиссия иликтеп жатат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облусунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Урумов билдирди. Анын айтымында, айыл тургундары мектеп башчысын иштен алуу маселесинде эки жаат болуп бөлүнүп кетишкен. Бирок комиссия бул маселе боюнча иликтөөнүн жыйынтыгында гана чечим кабыл алат.

Билим берүү мыйзамы боюнча, мектеп директорлугун педагогикалык билими барлар гана аркалоого тийиш.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын Ысык-Көлгө болгон иш сапарында Сары-Дөбө айылынын мектеп директору мал догдурдун диплому менен иштеп жатканы ачыкка чыккан. (MKo)

XS
SM
MD
LG