Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Сот чечими менен чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кеткен “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековдун качан кайтары белгисиз.

Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жактоочусу Татьяна Чильникина билдирди. Адвокаттын айтымында, Келдибеков жакын арада кайтып келип сот алдында жооп берет. Бирок так мөөнөтү али белгисиз.

Мындан мурдараак башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов Келдибековдун чет өлкөдөгү дарылануусу узарып кетсе, ага чара колдонуларын билдирген.

Коррупция жана Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталган “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков өткөн жылдын күзүнөн бери камакта болчу. Ага Биринчи май райондук соту өткөн жылдын августунда чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген. Учурда Дубайда экени айтылып келет. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG