Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Миграция борборундагы азап...


Миграция борборунда кезек күткөндөр. 29-январь.
Миграция борборунда кезек күткөндөр. 29-январь.

Москвада жаңы ачылган Миграциялык борборго ишке керектүү документтерди алуу үчүн барган мигранттар көп. Бирок ал үчүн зарыга кезек күтүп, убакытты да, акчаны да коротууга туура келет.

Москвага жакын жерде декабрдан тарта көп функционалдуу Миграциялык борбор иштеп жатат. Сырттан келгендерге ишке уруксат кагазын берип, документтерин каттоого алган бул имаратта кезек күткөндөр оголе көп.

Жаңы миграциялык борбор Троицк аймагындагы Сахарово кыштагына жакын жайгашкан. Москвадан ал жерге жетүү үчүн 50 чакырым жол жүрүү керек. Жол кире үчүн 150 рубль төлөйсүң. Автобустар 20 мүнөт сайын саат таңкы 6.30дан баштап жүрө баштайт.

- Борборго келгенде беш корпустан турган чакан шаарча тосуп алат. Кайда караба, ит жетелеген, куралчан полиция кызматкерлери. Мындай карасаң, аскердик бөлүккө окшошуп кетет. “Келүү зонасы”, “Тестирлөө зонасы” деген жазуулар көзгө дароо урунат, - деди "Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Лазат Такырбашева.

Бул жерге келген мигрант дароо төмөндөгүдөй документтердин тизмесин алат:

1. Түстүү фото ¾ (2 даана, сыйда эмес);

2. Паспорт;

3. Миграциялык карта;

4. Паспорттун нотариалдык көчүрмөсү;

5. Тестирлөөдөн өткөнү тууралуу сертификат;

6. Саламаттыгы тууралуу дарыгердин кагазы;

7. ВИЧ-инфекциясы жоктугу тууралуу сертификат;

8. Медициналык камсыздандыруу кагазы;

9. Миграциялык каттоого турганы жөнүндө атайын документ.

Мигарциялык борбордо кезек күткөндөр.
Мигарциялык борбордо кезек күткөндөр.

Саат 12.00до борборго келгенде 400дөн ашык киши кезекте турган экен. Тестти тапшыруу баасы 500 рубль, Москванын өзүндө ага 4900 рубль төлөйсүң. Ушундан улам көпчүлүк мигранттар бул жакка агылат.

- Шашке ченде мени менен келгендердин көбү кетип калды. Таңкы саат 5тен бери кезек күткөндөр бар. Түш оогондо келгендер тест тапшыруу үчүн талон алуу “бактысынан” куру калат экен. Орус тили боюнча бул тестти тапшырмайынча медициналык текшерүүдөн өтө албайсың. Талон алгандан кийин экинчи корпуска барасың, ал жерден тест үчүн төлөшүң керек. Анан гана экзаменге киресиң. Бүгүн үлгүрбөй калсаң, эртеси так эле ушул машакаттан өтөсүң. Кайрадан кезекке туруп, төлөгөнгө туура келет, - деди кабарчыбыз Лазат Такырбашева.

Борборго кайра-кайра келип, убара болгондор арасында кыргызстандык Жанболот Жээнбеков да бар. Ал документтерин бүтүрүү үчүн үч күндөн бери келип жатканын айтты:

- Үчүнчү ирет келишим. Бүгүн менин алдымда 300 адам турат. Акырына чейин күтөм. Болбой калса, эртең дагы келем. Бүгүн аябай эрте келгем, ошондо да баарын бүтүргөнгө жетишкен жокмун. Ушул үчүн жумуштан суранганга туура келүүдө. Башка айла жок. Орус тилинен тест тапшырдым. Суроолору жеңил эле экен. Медициналык кароодон да өттүм. Эми медициналык камсыздоо кагазын алып, патент үчүн эле төлөө калды. Баш-аягы 15 миң рубль короттум.

Орус тилинен тест тапшырган соң үчүнчү корпуска барып, медициналык кароодон өтөсүң. Анын жыйынтыгын үч күн күтүүгө туура келет. Эгер ушул эки нерсеңди ийгиликтүү бүтүрсөң, жеринен эле медициналык камсыздоо кагазын алсаң болот. Андан кийин кайрадан акча төлөп, патент үчүн документ тапшырууга туура келет...

«Азаттыктын» кабарчысы борборго барганда көптөгөн мигранттар алгач кайсы кезекке туруп, патент алуу үчүн кайсы документтерди тапшыруу зарыл экенин билбегенине күбө болгон.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Руслан Эшимов болсо борбор ансыз да кыйналган мигранттын түйшүгүн ого бетер арттырды деген пикирде.

Көп функционалдуу борбордун сайтында, 2015-жылга чейин бир нече имараттар салынары жазылып жүрөт. Эгер алар бүтсө, күнүнө 5 миңге жакын чет өлкөлүк жаранды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот экен.

Борбор азыр күн сайын саат 08:00дон кечки 20:00го чейин иштейт.

Борбордун сайтында алгачкы эки жума ичинде Миграциялык борбор 2 192 чет өлкөлүк жаранды тейлегени жазылган. Орусиянын Федералдык миграция кызматы ишке орношууга жол ачкан патентти 2015-жылдын 28-январынан тарта бере баштаган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Жылдыс Ороспакова

    Жылдыс Ороспакова - "Азаттыктын" веб-редактору, журналист. Кыргызстандын Эл аралык университетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG