Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

"Акылдуу" техниканын доору келди


Бүгүнкү технологиянын заманында жаңы чыккан буюмдар өз колдонуучуларын кубанычка тез-тез бөлөчү болду. Бизнес эксперттердин божомолу боюнча 2015-жылы бир канча жаңы технологиялар кеңири колдонууга берилет.

Жаңы суюк телевизорлор

Ушул жылдан баштап cуюк кристалдуу дисплей (LCD) сыналгылар жаңы технология менен чыга баштайт. Жаңы дисплейлер адамдын чачынан да ичке квантум чекит кристалдары менен жабдылган. Бул кристаллдар азыркы жаңы сыналгыларга караганда түстөрдү 30% даана көрсөткөнгө өбөлгө болот. Буга кошумча мындай дисплейлерди эми кадмиум элементи кошулбаган экологиялык таза заттар менен чыгаруу пландаштырылууда.

Андан сырткары жаңы телевизорлор ичинде орнотулган Sony playstation оюндары менен чыгат. Дагы бир чоң жаңылык - интернет айдыңындагы гигант - google издөө системасы сыналгынын ичине бир топ жаңылыктарды киргизери кабарланууда.

"Акылдуу сааттар"

Серепчилердин айтканы боюнча бул жылы смарт (акылдуу) сааттарды чыгаруу да жаңы этапка өтөт. Спорттук дизайндагы сааттардан сырткары, классикалык акылдуу сааттар чыгат деп күтүлүүдө. Бул сааттар жана киймелер компьютер же чөнтөк телефондор менен байланышып, адамдын организминдеги калориянын көлөмүнө чейин маалымдап турууга жөндөмдүү.

Смартхоум же "акылдуу үй"

Дагы бир жаңылык, келечекте "акылдуу үйлөрдүн" пайда болоору кызыгуу жаратууда. Акылдуу үйлөр интернет менен байланышкан электрондук хабдар менен жабдылат. Бул буюмдун жардамы менен үйдөгү көпчүлүк жумуштар автоматташтырылат жана алар өз маалында үй ээсине маалымдалып турат.

"Акылдуу үй"
"Акылдуу үй"

​ "Акылдуу үй" абанын температурасын аныктап, бакчада тигилген картөшкө же ашкабакка качан суу куюларын өзү аныктап, зарыл учурда өзү суу чачып турат. Андан сырткары смартхоум муздаткычта кайсы азык канча көлөмдө калганын сизге утуру маалымдап турат. Азыркы учурда "акылдуу үйдө" колдонулган ар кандай функцияны аткарган программаларды бир хабка бириктирүү жагы иштелүүдө.

3D принтерлер

Үч мерчемдүү принтерлер жөнүндө уксаңыз керек. 2015-жылдан баштап бул 3D принтерлер кеңири колдонула баштаары айтылууда. Буга чейин дүйнөдө мындай сыйкырлуу машинаны чыгарган эки гана компания болсо, бул жылы эксперттер алардын саны 20га жетет деп болжолдоодо.

Дрон жана роботтор

Жогорудагы жаңылыктардан сырткары, 2015-жылы дрон учактардын жана роботтордун өнүгүү жылы болот. Аскердик максатта колдонулган учкучсуз учактардын эми спорт тармагында колдонулуучу алакандай варианттары чыга баштады. Бул учуучу роботтор аралыктан башкаруучу аппарат аркылуу "ээсин" ээрчип учканга жөндөмдүү. Мындай дрондор өзгөчө экстремалдык спортчуларга ыңгайлуу, анткени алар өз чеберчилигин ээрчиме роботтордун жардамы менен видеого тарта алат.

Мындан сырткары жапон жана француз компаниялары үйдүн ичинде коопсуздук жана чаң соргуч роботтордон сырткары, проектор сыяктуу бир канча кошумча функциялары бар жер роботторун өндүрө баштады.

Азыркы интернет жана технология заманында жогорудагы жаңылыктардан сырткары айдоочусуз унаа сымал жаңы ачылыштар али алдыда экенине терең ишенсек болот. Ушул жана башка жаңы технологиянын өнүгүүсүнө жыл бою көз салып туралы.

XS
SM
MD
LG