Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

"Ал-Жазиранын" кабарчысы Египетте абактан бошотулду


"Ал-Жазира" телеканалынын кабарчысы Питер Гресте Египеттеги түрмөдөн бошотулду. Теги австралиялык журналист 2013-жылдын декабрында жалган маалымат таратуу жана башка айыптар боюнча египеттик эки кесиптеши – Мохамед Фахми жана Бахер Мохамед менен чогуу кармалган.

"Ал-Жазира" телеканалы кабарчысынын бошотулушун кубаттап, калгандарынын да эркиндикке чыгышын талап кылды.

Ал эми абакта калган, Египет жана Канаданын жараны Фахминин жакындары анын кое берүү иши да аяктап калганын айтышууда.

Гресте жана Фахми 7 жылга, Мохамед 10 жылга кесилген. Аларга президент Мохамед Мурси бийликтен кулатылгандан кийин тыюу салынган "Мусулман агайындар" кыймылы менен кызматташкан" деген айып тагылган. Журналисттер дооматтарды четке кагышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG