Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Германия менен Франция лидерлери Украинадагы апаатты токтотууга чакырды


Донецк. Орусиячыл жикчилер айдап бараткан танк. 1-февраль, 2015-жыл.
Донецк. Орусиячыл жикчилер айдап бараткан танк. 1-февраль, 2015-жыл.

Франция президенти Франсуа Олланд, Германия канцлери Ангела Меркел жана Украинанын мамлекет башчысы Петро Порошенко 1-февраль күнү телефон аркылуу сүйлөшүп, Украина чыгышындагы кандуу калабаны тез арада токтотуу зарыл экенин белгилешти. Лидерлер өкмөт күчтөрү менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы Минск келишими аткарылбай жатышына тынчсызданып, айрыкча соңку күндөрү курчуп кеткен абалды жөнгө салуу зарыл экенин билдиришти.

Украин армиясынын маалыматы боюнча, 1-февраль күнкү салгылашууларда 13 аскер каза таап, 20сы жараат алды. Согуш соңку бир суткада эле Украина чыгышындагы түрдүү аймактарда жашаган 17 жөнөкөй жарандын өмүрүн кыйды.

2014-жылдын апрелинен бери жүрүп жаткан калабада 5100дөн ашуун адам жашоо менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG