Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Хоккей чемпионатында “Жумгал-Шортон” жеңүүчү болду


Хоккей Кыргызстанда эми гана өнүгүп келе жатат. Казакстандагы мелдештерден бир көрүнүш.

Хоккей Кыргызстанда эми гана өнүгүп келе жатат. Казакстандагы мелдештерден бир көрүнүш.

Хоккей боюнча Жумгал районунда өткөн 3-ачык чемпионатта баш байгени Чаек айылынын “Жумгал-Шортон” командасы утуп алды. Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыповдун билдиришинче, 1-февралда финалда “Жумгал-Шортон” менен Миң-Куштун “Барчын” командасы ойноду.

Беттештин негизги убакыты 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча берилген убакытта да жеңүүчү аныкталбай, булитте 4:3 эсебинде чаектиктер жеңишке жетишти.

3-орун үчүн беттеште Нарындын “Дордой Ала-Тоо” командасы Кочкор районунун “Ормон-Хан” командасын 2:1 эсебинде утуп алды.

Мелдешке Жумгал, Кочкор райондорунан жана Нарын, Чолпон-Ата шаарларынан 7 команда катышты. Тайпалык мелдеште “Байзак”, “Нуралы Аке” жана “Чолпон-Ата” командалары тийиштүү упай топтой албай, оюнду токтотушкан.

Турнирдин байге фонду 300 миң сомду түздү. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG