Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Насвайга лабораториялык изилдөө жасоо сунушталууда


Ош шаарындагы базар. Насвайды таңгактоого балдар да тартылат.
Ош шаарындагы базар. Насвайды таңгактоого балдар да тартылат.

Кыргызстанда бир катар жарандык активисттер насвайдын зыянын элге кеңири түшүндүрүү талабы менен өкмөткө кайрылуу даярдап жатат. “Интербилим” уюму башында турган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү демилгени жайылтуу максатында коомчулук арасында кол топтой баштаганын “Эркиндик үнү” уюму кабарлады.

Маалыматка ылайык, активисттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна да кайрылып, насвайга лабороториялык анализ жүргүзүү маселесин көтөрүшөт.

Насвай чегүү Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири тараган. Ал түрдүү жугуштуу оорулардын тарашына себеп болуп жатканын дарыгерлер айтып келет.

Насвай сатууга тыюу салуу маселеси өткөн жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан көтөрүлгөн. Бирок ишке ашкан эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG