Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51

Иордания туткундагы учкучту бошотуу боюнча сүйлөшүүнү улантат


Сажида ар-Ришави жана Муаз ал Касасбеха.

Сажида ар-Ришави жана Муаз ал Касасбеха.

Иордания расмийлери өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ тарабынан уурдалган учкуч, өлкө жараны Муаз ал Касасбеханы бошотуу боюнча аталган топ менен сүйлөшүүлөрдү улантат.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Мухаммед ал Моманий 1-февраль күнү Иордания бийлиги учкучту өлүм жазасына өкүм кылынган ирактык Сажида ар-Ришави менен алмаштырууга макул экенин билдирди.

Мауз ал Касасбеха өткөн жылдын декабрында Сирияда “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөп турган аймакка учактан сокку уруу учурунда, согушкерлер тарабынан кармалган. Ал башкарып бараткан учак атып түшүрүлгөн.

Аталган топ 2005-жылы Иорданиядагы отелде болгон жардыруу боюнча айыпталып кармалган Сажида ал-Ришави 29-январга чейин эркиндикке чыгарылса, учкуч да бошотуларын эскерткен. Иордания өкмөтү учкучтун тирүү экени тастыкталса гана туткундарды алмаштырууга барарын билдирген болчу. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG