Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Украина: жикчилдер менен салгылашта беш аскер өлдү


Украин армиясынын танк кербени. Донецк аймагы, 1-февраль, 2015.
Украин армиясынын танк кербени. Донецк аймагы, 1-февраль, 2015.

Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарында соңку 24 саатта орусиячыл жикчилдер менен салгылашууда беш аскер өлүп, 29 жоокер жарадар болду. Бул жөнүндө Украин армиясынын өкүлү Владислав Селезнев 2-февралда билдирди. Анын айтымында, ушу тапта Дебалцево шаарынын айланасында катуу уруш жүрүүдө.

Жикчилдер акыркы бир күндө 11 жаран курман болгонун билдирип, ал үчүн өкмөттүк күчтөрдү күнөөлөштү.

31-январда тынчтык сүйлөшүүсү натыйжасыз бүтүп, украин армиясы менен жикчилдердин согушу кайра уланган. Жикчилдер ырасмий Киевди сүйлөшүүнү саботаж кылды деп күнөөлөгөн. Бирок Украин өкмөтү жана ЕККУнун маалымдашынча, козголоңчулар сентябрда Минскиде макулдашылган тынчтык планынын маанилүү бөлүктөрүн талкуулагандан баш тартып, жаңы шарттарды коюшкан.

Апрелден бери Украинанын чыгышындагы урушта 5 100дөн көп адам өлдү.

XS
SM
MD
LG