Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Бишкекте доллар дагы кымбаттады


Бүгүн түштөн кийин Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 60 сом 80 тыйындан сатылды. “Азаттыктын” угарманы борбордогу акча алмаштыруучу жайларда доллар жок болуп жатканын билдирди. Улуттук банктын маалымат кызматы доллар таңкыстыгы жок экенин, АКШ валютасы акча алмаштыруучу жайларда сатылып жатканын билдирди. Эксперттер АКШ валютасына суроо-талап күчөгөндөн улам баалар көтөрүлүп жатканын айтышууда.

Улуттук банк январь айында 10,9 млн. долларды интервенциялаган. Ага чейин 31-декабрда 5 млн. долларды базарга чыгарган. Бирок бул акча рыногунда сомдун кунун кармап турууга мүмкүнчүлүк бере алган жок. Улуттук банктын көрсөткүчү боюнча АКШ долларынын расмий курсу 59 сом 81 тыйын.(КЕ)

XS
SM
MD
LG