Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Ошто ата-энесинен жашыруун төрөгөн кыздын уулу сатылып кеткен


2015-жылдын 30-январынан бери дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыз төрөт үйүнөн табылды жана учурда анын колунда наристеси жок болуп чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыбыков кабарлады.

- Жоголду делген 17 жаштагы кыз ичин таңып, кош бойлуу экенин жашырып жүргөн. Ай-күнү жеткен учурда үйдөн чыгып кеткен. Бул кызды шаардагы №6 дарыгерлер тобунун гинекологу башка адамдын атынан төрөтканага жаткырып, төрөгөн соң баласын башка аялга берип жиберген, - деди Замир Сыдыков.

Учурда гинеколог аялга “адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал наристени башка аялга саткан деп шектелүүдө. (YI)

XS
SM
MD
LG