Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Казакстандык эки аял АКШ президентин жардамга чакырды


Гүлбаршын Бактыбаева жана Раскайша Керкимбаева 2-февралда Астанадагы Америка элчиканасынын алдында нааразылык акциясын өткөрмөк болгон эле. Алар “АКШ президенти Барак Обама жана АКШнын Казакстандагы элчилиги президент Назарбаевден бизди үй-жайсыз жана пенсиясыз кантип жашай алат деп сураңыз” деген плакатты жаяр замат полиция кармап алып кетти. Бактыбаеванын кызы Мөлдирдин “Азаттыкка” айтышынча, апасы алардын үйүн банк насыянын эсебине алсын деген соттун өкүмүнө нааразылык билдирмек болгон. "Эки аял Казакстандын бийликтери аларга жардам берүүдөн баш тарткандан улам АКШ элчиканасынын сыртында демонстрация өткөрөлү деп чечишкен" деди Мөлдир. Семей шаарынын эки тургунун полиция эки саат кармап, кийин койо берди.

Былтыр февралда Казакстандын бир нече шаарынан Астанага келген адамдар банктан алган насыялардын шартын жеңилдетүүнү сурап, митингге чыгышкан. Алар бул кадамга Улуттук банк теңгени 19 процентке арзандаткандан кийин барышкан. Ушундай эле митинг Алматыда да болгон.

XS
SM
MD
LG