Египеттин соту тыюу салынган “Мусулман агайындар” уюмунун 183 тарапкерин өлүм жазасына тартуу жөнүндө өкүмдү жактады. Декабрда Каир шаардык соту 2013-жылы августта полицияканага жасалган чабуулда 11 офицер өлтүрүлгөнгө байланыштуу 183 адамды жогорку жазага тартылсын деп чечкен. Кол салуу 2013-жылы июлда Мухаммед Мурси президенттиктен кулатылганына нааразылык билдирген демонстранттарды аскерлер аёосуз кууп таркаткандан кийин болгон.
Египет соту мурда өлүм жазасына тартылган өсүпүрүмдүн жазасын жеңилдетип, 10 жылга кести; эки айыпкерди актады жана өлгөн эки айыпкерге коюлган күнөөнү алып салды. Сот өкүмү боюнча доо арыз берсе болот.
Январда өлүм жазасына тартылган башка 37 адамдын иши аппеляциялык сотко кайтарылган.