Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Баткенде чек араны бузган өзбек жарандары кармалды


Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жердеги эскертме жазуу, Аксы району.
Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жердеги эскертме жазуу, Аксы району.

Чек ара кызматы Баткен облусунун Кадамжай районунда чек арадан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын төрт жараны кармалганын кабарлады. Кечээ Пүлгөн айылына жакын жерде кармалган бул төрт жарандын жанында ким экенин аныктоочу эч кандай документ болгон эмес. Алар Кадамжай райондук милициясына өткөрүлүп, учурда эмне себептен чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү такталууда.

Мындан эки күн мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да чек арадан мыйзамсыз өткөн эки өзбек жараны кармалып, алар да жергиликтүү милицияга өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG