Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Бөйрөк оорулуу жарандар митингге чыкты


Бул туурасында “Азаттыкка” бөйрөгүнөн жабыркагандардын укугун коргоочу жарандык активист Темир Султаналиев билдирди. Ушул тапта Ак үйдүн алдында 50дөй киши чогулду. Митингге чыккандар бөйрөк оорулуу жарандардын дарылануусуна акча аз бөлүнүп жатканын, бөйрөгү алмаштырылган жарандарга өкмөт тарабынан такыр эле каражат бөлүнбөгөндүгүн айтып, бул көйгөйлөргө Саламаттыкты сактоо министрлигинин көңүл бурушун талап кылууда. Мындан тышкары Улуттук госпиталда аппараттар сынып жаткандыктан бул жагдай оорулууларды оор абалга кептеп жатканы айтылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, өлкө боюнча болгону 28 гемодиализ аппараты бар. Анын экөө толугу менен керектен чыккан. Алты аппарат оңдоого муктаж.

Өлкө боюнча өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жалпы саны 1488. Алардын 473ү бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыздалган. (AzK)

XS
SM
MD
LG