Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Баткендик аялдар өкмөткө бир катар социалдык талаптарды койду


"Азаттыктын" аймактык кабарчысынын билдиришинче, облустук администрациянын алдына чогулган отуздай аял иш сапары менен жүргөн вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевге жолугушту. Алар Сарпашевге электр энергиясына баанын кымбатташы, жөлөк пул алуу шарттарынын татаалдашуусу, үй куруу үчүн жаштарга жер берилбей жатышы жашоону оорлоштуруп жатат деп, бул маселелерди элеттин кызыкчылыгы үчүн чечүү талабын коюшту.

Буга чейин чогулгандардын талаптарын Баткен районунун акими Кеңеш Салихов укту.

Аймактарды кыдырып жүргөн биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Баткен облустук коллегиясынын жыйынына катышат. 2-февралда ал Ош шаардык жана облустук коллегияларга катышкан. (AzK\JsA)

XS
SM
MD
LG