Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Балдар арасында кылмыштуулуктун саны өстү


Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөр менен иш алып баруу бөлүмүнүн адиси Рыспек Мусуралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 2013-жылы балдар арасында 810 кылмыш катталса, 2014-жылы бул көрсөткүч 876ны түзгөн. Анын ичинен окуучулар арасындагы рэкетчилик, тоноочулук боюнча 200 факты катталган.

Буга чейин ЮНИСЕФ иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында Кыргызстанда окуучуларынын 70 пайызы мектептерде ар кандай опузалоолорго, чоң класстагы окуучулардын коркутуп-үркүтүүлөрүнө туш болоорун аныктаган.(AzK\KE)

XS
SM
MD
LG