Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:10

Дүйнөлүк Банк Өзбекстандагы мажбурлап иштетүүнү иликтөөдөн баш тартты


Хорезм облусундагы пахта терим. 5-ноябрь, 2014-жыл.

Хорезм облусундагы пахта терим. 5-ноябрь, 2014-жыл.

Бул эл аралык каржы уюмдун билдирүүсүнө караганда, жогорудагыдай чечим 23-январда кабыл алынган жана бул расмий Ташкент өлкөнүн пахта секторунда балдар эмгегин колдонуу жана мажбурлап иштетүү көрүнүшүн жоюу үчүн зарыл системалык маселелерге көңүл бурганына байланыштуу болду. Дүйнөлүк банктын пикиринде, Ташкент бул багытта “олуттуу прогресс” жасады.

Эл аралык каржы уюмунун бул чечими андан иликтөөнү талап кылган адам укугун коргоочулардын сынына кабылды.

Адам укуктары боюнча өзбек-немец форумунун директору Умида Ниязова чечимди “шок кыларлык” деп атады.

Өзү адам укугун коргоочулар өзбек бийликтерин мамлекеттик кызматчыларды, мугалимдерди , атүгүл мектеп окуучуларын пахта талааларында иштөөгө мажбурлаганы үчүн узактан бери сынга алып келет. ( UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG