Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Бөйрөк оорулуулардын көйгөйүн депутаттык комиссия иликтейт


Парламенттеги Социалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Ыргал Кадыралиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, комитет бүгүн бөйрөк илдетинен жапа чеккендердин жагдайын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте талкуулады. Жыйынтыганда депутаттык комиссия түзүлүп, ал ушул аптанын жума күнүнөн тарта бөйрөк оорулуулардын дары-дармек менен камсыздалышы, аларга бөлүнгөн акча каражатынын чоо-жайы, дары-дармектерди алуу боюнча тендерлердин өткөрүлүшү өңдүү маселелерди иликтемей болду. Мындан тышкары бул тармакты иликтөөгө четтен дагы адистерди тартуу жагы каралууда

Бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдына 50дөй бөйрөк оорулуу жарандар чыгып, алардын жагдайын мамлекет көңүл сыртында калтырып жатканына нааразылыгын билдиришкен.

Ушул тапта Кыргызстанда 1488 адам бөйрөк оорусунан жабыркап келет. Алардын 473ү бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыз. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG