Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Каирдин аэропортунда эки бомба зыянсыздандырылды


Египеттин расмий өкүлдөрү билдиргендей, бүгүн Каирдин аэропортунан зыянсыздандырылган эки бомба мобилдик телефон аркылуу аралыктан башкарылмак. Бүгүн эле Каирдин борборунда электр трансформатрына коюлган бомба жарылып, бирок эч ким жабыр тарткан жок. Азырынча бул инциденттер үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Египетте армия 2013-жылдын июлунда исламчыл президент Мохаммед Мурсини бийликтен кулаткандан бери согушкерлер коопсуздук күчтөрүн бутага алган бир нече бомба чабуулдарын жасашкан.

Кечээ Египеттин соту Мурси өкүлү болгон “Мусулман агаиндер” кыймылынын 183 жактоочусуна чыгарылган өлүм жазасын күчүндө калтырды.

Алар 2013-жылдын августунда 11 полицейдин өлүмүнө катышы бардыгы үчүн айыпталган. (UE)

XS
SM
MD
LG